Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 22-январы № 23-б
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 203-б буйругунун редакциясына ылайык)
2016-жылдын 16-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 150 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы менен төмөнкүдөй шарттарда Субкредиттик макулдашууну белгиленген тартипте түзсүн:
- кредиттин суммасы 1,7 млн. (бир миллион жети жүз миң) АКШ доллары өлчөмүндө белгиленсин;
- кредитти пайдалануу үчүн өзгөрүлмөлүү пайыздык ставка - Либор + карыздын иш жүзүндө өздөштүрүлгөн суммасына жылдык 1,0% (6 айлык);
- сатып алынган жабдуулар жана кредиттик каражаттардын эсебинен сатып алынган башка мүлк түрүндө күрөөлүк камсыздоо;
- кредиттин негизги суммасы жана пайыздар жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 20-майында жана 20-ноябрында 25 бирдей бөлүк менен төлөнөт, мында кредитти төлөөнүн биринчи датасы - 2019-жылдын 20-майына жана кредитти жоюунун акыркы датасы - 2031-жылдын 20-майына туура келет;
- төлөмдөр кечиктирилген учурда финансылык санкциялар, мөөнөтү өткөн карыздар келип чыккан убакыттан тартып бул карыздарды толук жоюу датасына чейин - Либор + жылдык 2%;
- Кредиттик макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 60 күндөн кийин чегерилүүчү жана Кредиттик макулдашуу күчүнө киргенден кийин төлөнүүчү кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн жылына 0,5% өлчөмүндөгү комиссия;
- эсепти ачуу үчүн кредиттин суммасынан 1% өлчөмүндө бир жолку комиссия.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 203-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Дж.Исаков |