Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 16-январы № 8-б
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-октябрындагы № 464-б буйругунун редакциясына ылайык)
Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-Суу айылында 2017-жылдын 16-январында каттоо номери ТСМСL Боинг-747 аба кемеси менен болгон адамдардын курмандыгына алып келген авиациялык кырсык фактысын изилдөө максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда Өкмөттүк комиссия түзүлсүн:
Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары, комиссиянын төрагасы;
Боронов Кубатбек Айылчиевич - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Калилов Жамшитбек - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Батыралиев Т.А. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
Абдылдаев Э.Б. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;
Исраилов У.Д. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
Сегизбаев А.К. - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кудайбергенов Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-октябрындагы № 464-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Өкмөттүк комиссияга министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун жооптуу кызматкерлерин жана адистерин ишке тартууга укук берилсин.
3. Өкмөттүк комиссия иштерди аяктагандан кийин авиациялык кырсык фактысын изилдөө боюнча жыйынтыкты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |