Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 30-январы № 21-б
Ар кандай багыттагы объектилерди курууга жер тилкелерин берүүдөгү проблемалуу маселелерди жана шаар куруу жана курулуш чөйрөсүндөгү башка маселелерди комплекстүү изилдөө максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) түзүлсүн.
2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына төмөнкүлөргө байланышкан маселелерди кароонун негизинде иштелип чыккан сунуштарды киргизсин:
- ар кандай багыттагы объектилерди курууга жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга берүүгө;
- үйдүн жанындагы жер тилкелерин аныктоого жана аларды шаарларды өнүктүрүүнү стратегиялык пландоону эске алуу менен мындан ары ишке ашырууга;
- объектилерди курууга уруксат берүүчү документтер боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларындагы коллизияларга;
- өзүм билемдик курулушка жана объектилерди мыйзамсыз курууга.
3. Зарыл болгон учурда жумушчу топко белгиленген тартипте төмөнкү укуктар берилсин:
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) адистерин, ошондой эле эксперттик жана жарандык коомдун өкүлдөрүн ишке тартуу;
- иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан (макулдашуу боюнча) керектүү маалыматтарды суроо.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Ар кандай багыттагы объектилерди курууга жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга берүү менен байланышкан проблемалуу маселелерди жана шаар куруу чөйрөсүндөгү башка маселелерди изилдөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси; |
Мукамбетов Мурат Картайбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Абдиев Бактыбек Абышевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Жээналиев Алмаз Жээналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы; |
Сагынбаев Дамир Казакович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; |
Исаков Жумадыл Ырысбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Абакиров Эльдар Курманбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Дооталиев Улан Тимурович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Ахметов Белек Куватович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн коррупцияга каршы саясат секторунун башчысы; |
Муратбеков Канатбек Камбарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; |
Дюшембиев Бактыбек Осмонович | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Тулебердиев Асхат Темирбекович | - | "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын начальнигинин милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча); |
Исабеков Нарынбек Дуйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору; |
Катанаев Анатолий Георгиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору; |
Касмалиев Ажыбек Кадыркулович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Ирискулбеков Эрик Белекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Коомдук кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Абдраимов Алымбек Мекенович | - | Кыргыз Республикасынын Архитекторлор бирлигинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Молдобаев Аскарбек Молдобаевич | - | Кыргыз Республикасынын Куруучулар бирлигинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Мурзакулов Таалай Чороевич | - | Кыргызстандын Долбоорлоочулары ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Темиралиев Умбриэль | - | "ЖИА" "Бизнес-Ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча). |