Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 20-июну № 209-б
1. Расмий тилде тиркелген төмөнкү долбоорлор жактырылсын (расмий эмес котормо):
- "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбооруна карата эл аралык келишимди түзүүчү Япония Өкмөтүнүн нотасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жооп нотасынын долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбооруна карата гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча) "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоорун ишке ашырууга карата аткаруучу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ушул буйруктун 1-пунктунда аталган жооп нотанын жана Гранттык макулдашуунун долбоорлоруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |