Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 25-июлу № 266-б
Транспорттук маселелерди чечүү, турак жай массивдеринин жол инфраструктурасын жакшыртуу жана Бишкек шаарынын борбордук жолдорун автотранспорт каражаттарынан азайтуу максатында, "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорун натыйжалуу жана ийгиликтүү аяктоо үчүн:
1. Бишкек шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунун аймактарында жайгашкан төмөнкү жолдорду куруу сунушталсын:
- 2016-жылдын 20-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү (1-фаза)" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө алмашуу катына ылайык белгиленген тартипте:
Чүй облусундагы Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагынын "Ак-Ордо" турак жай массивиндеги аянты 1,7 га болгон (жолдун узундугу - 0,654 км, транспорт жүргөн бөлүгүнүн туурасы - 15 м, тротуар жана ирригация - 11,5 м) жер участогунда жайгашкан Гагарин көчөсүнүн уландысын;
- 2017-жылдын 19-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү (2-фаза)" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө алмашуу катына ылайык белгиленген тартипте:
Чүй облусундагы Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагынын "Ак-Ордо" турак жай массивиндеги Гагарин көчөсүнөн темир жол өтмөгүнө чейинки аянты 1,3 га болгон (жолдун узундугу - 0,756 км, транспорт жүргөн бөлүгүнүн туурасы - 8 м, тротуар жана ирригация - 8 м) жер участогунда жайгашкан Айбийке көчөсүн;
Чүй облусундагы Сокулук районунун Орок айыл аймагынын "Арча-Бешик" турак жай массивиндеги Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки аянты 21,2 га болгон (жолдун узундугу - 2,2 км, транспорт жүргөн бөлүгүнүн туурасы - ар бири 12 метрден 2 тилке, тротуар жана ирригация - 6 м) жер участогунда жайгашкан Жайыл-Баатыр көчөсүнүн уландысын;
Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Пригородный айыл аймагындагы аянты 1,02 га болгон (жолдун узундугу - 0,680 км, транспорт жүргөн бөлүгүнүн туурасы - 9 м, тротуар жана ирригация - 6 м) жер участогунда жайгашкан Озерное айылынан "Мурас-Ордо" турак жай массивинин аймагына кирген жолду;
Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл аймагында жайгашкан "Эне-Сай" турак жай массивиндеги "Аламүдүн" суусуна көпүрө куруу менен Алма-Ата көчөсүнөн Айыл көчөсүнө чейин Гидростроительная көчөсүн (жолдун узундугу - 1,06 км, транспорт жүргөн бөлүгүнүн туурасы - 11,5 м, тротуар, ирригация жана жашылдандыруу - 5 м);
Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Пригородный айылдык аймагындагы Ленская көчөсүнөн "Жеңиш" турак жай массивине чейинки аянты 0,66 га болгон (жолдун узундугу - 0,477 км, транспорт жүргөн бөлүгүнүн туурасы - 9 м, тротуар, ирригация, жергиликтүү транспорт жолу жана жашылдандыруу - 5 м) жер участогунда жайгашкан Новая көчөсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сокулук жана Аламүдүн райондорунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары менен бирдикте жолдорду куруу зонасына туш болгон жер участокторун үчүнчү жактардын укуктарынан бошотуу боюнча чараларды көрсүн жана жер участокторун которуу боюнча тийиштүү материалдарды белгиленген тартипте киргизсин.
3. Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги ушул буйруктан келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Абылгазиев |