Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 31-июлу № 270-б
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (ЕККУ) арызынын негизинде 2017-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № САА988393, кузовунун № WV2ZZZ7HZJH096511, кыймылдаткычынын көлөмү 1968 см3, ак түстөгү, модели "SGJ1B5", "Volkswagen Transporter Т6" маркасындагы автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосунда белгиленген тартипте жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттик менчикке өткөрүп алсын;
- жогоруда аталган автотранспорт каражатынын наркын аныктасын жана аны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга өткөрүп алсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |