Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 1-августу № 272-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 токтому менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобонун 34-пунктуна ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 375-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйруктун 2-тиркемеси ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган буйруктун 3-тиркемеси ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган буйруктун 4-тиркемесинин үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.";
- жогоруда аталган буйруктун 5-тиркемеси ушул буйруктун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
1-тиркеме
"2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Чүй облусун өнүктүрүү фондунун Башкармасынын курамындагы мамлекеттик органдардын ӨКҮЛДӨРҮ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрлар секторунун башкы адиси.".
2-тиркеме
"3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондунун Башкармасынын курамындагы мамлекеттик органдардын ӨКҮЛДӨРҮ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өнөр жай, курулуш, транспорт жана коммуникациялар секторунун башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрлар секторунун башкы адиси - юрист.".
3-тиркеме
"5-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Баткен облусун өнүктүрүү фондунун Башкармасынын курамындагы мамлекеттик органдардын ӨКҮЛДӨРҮ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси;
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси;
Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси.".