Редакцияот 24.07.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2018-жылдын 24-июлу № 499

"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Алыбаев Автандил Шейшенбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү катары Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп беш жылдык мөөнөткө дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү Иманалиев Данияр Шаршенбекович Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин Директорлор кеңешинин мүчөсү милдетинен бошотулсун.

3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 223 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев