Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 7-августу № 280-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысына принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө ПРОТОКОЛ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары "Тараптар" жана өз алдынча "Тарап" деп аталуучу), аскердик кызматташтыкты андан ары бекемдөө максатында, узак мөөнөттүү достук мамилелерди өнүктүрүүнүн жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоого колдоо көрсөтүүнүн алкагында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Максаты
Ушул Протоколдун максаты болуп Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилүүчү 360000 (үч жүз алтымыш миң) АКШ долларынын эквивалентиндеги түрк лирасы суммасындагы финансылык жардамды өздөштүрүүнүн принциптерин аныктоо эсептелет.
2-берене. Пайдалануу чөйрөсү
Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилүүчү финансылык жардам Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн Түркия Республикасына Тынчтык үчүн өнөктөштүк борбору, Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча борбор жана Түркиядагы деңиз коопсуздугун камсыздоо боюнча эл аралык борбор сыяктуу Түркия Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн алдындагы окуу борборлору тарабынан уюштурулган/координацияланган кыска мөөнөттөгү (бир айдан ашпаган) окуу курстарына, сапарларына ташуу, тамактануу жана жашоо, курстарга төлөө (көп чыгымдарды алып келген курстар/тренингдерден тышкары) менен байланышкан чыгымдарын жабуу, Бельгиянын Монс шаарындагы "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасын координациялоо боюнча топко (жылына 30000 (отуз миң АКШ доллары) өлчөмүндө) жана Түркия Республикасынын Измир шаарындагы НАТОнун Штаб-квартирасына (24000 (жыйырма төрт миң АКШ доллары) өлчөмүндө) дайындалган кыргыз өкүлдөрүнө ай сайын төлөмдөр үчүн, ошондой эле жогоруда аталган өкүлдөр үчүн кызмат өтөө ордуна чейин барууга жана миссиясы аяктагандан кийин кайра келүүгө авиабилеттерди алуу үчүн пайдаланылат.
3-берене. Компетенттүү жана координациялоочу органдар
Ушул Протокол Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети тарабынан жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги тарабынан аткарылат. Ушул Протоколду аткаруу боюнча координациялоочу органдар Түркия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Элчилигинин алдындагы Аскердик атташенин аппараты болот.
4-берене. Ишке ашыруу принциптери
1. Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарындагы Түркия Республикасынын Элчилигинин алдындагы Аскердик атташенин аппаратынын банк эсебине которулуучу финансылык жардам Түркия Республикасынын Генералдык штабынын буйруктарына ылайык Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Элчилигинин алдындагы Аскердик атташесинин аппаратынын контролдоосу менен пайдаланылышы керек.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бөлүнүүчү финансылык жардам ушул Протоколдун 9-беренесинде белгиленген Протоколдун жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде пайдаланылышы керек. Пайдаланылбаган акча каражаттары алуучу тарабынан Түркия Республикасынын Мамлекеттик казынасына кайтарылат.
3. Ушул Протоколдун жоболору Тараптар катышкан башка эл аралык макулдашуулардан келип чыгуучу милдеттенмелерди чектебейт жана башка мамлекеттердин укуктарына, коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө каршы пайдаланылбайт.
5-берене. Жашыруун маалыматты коргоо
Тараптар ушул Протоколдо камтылган маалыматтарды жана Тараптар алмаша турган жашыруун маалыматты башка Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү тарапка, компанияга же адамга ачпоого милдеттенишет. Купуялуулуктун бул принциби ушул Протоколдун жарактуулугу токтотулгандан кийин дагы колдонулат.
6-берене. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
Ушул Протоколду ишке ашыруунун же чечмелөөнүн жүрүшүндө талаш-тартыш маселелер келип чыкса, үчүнчү тараптарды, арбитражды же эл аралык сотту тартууга жол берилбейт жана дипломатиялык каналдар аркылуу сүйлөшүү жолдору менен чечилиши керек. Эгер Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында чечимге келе алышпаса, ушул Протоколдун 9-беренесинде келтирилген жоболорго ылайык ушул Протокол өзүнүн аракетин токтотот.
7-берене. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор
1. Тараптардын ар бири ушул Протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү сунуштай алат. Тараптар жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алгандан кийин 30 күндүн ичинде өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү башташы керек.
2. Тараптар менен макулдашылган жана жазуу жүзүндө таризделген толуктоолор ушул Протоколдун 8-беренесине ылайык күчүнө кирет.
3. Эгерде сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 60 күндүн ичинде жыйынтыктар болбосо, ушул Протоколдун 9-беренесине ылайык ушул Протокол өзүнүн аракетин токтотот.
4. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Тараптар ушул Протоколдо каралган өздөрүнүн милдеттерин аткарууну улантышат.
8-берене. Бекитүү жана күчүнө кирүүсү
Ушул Протокол анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптар аяктагандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн тартып күчүнө кирет.
9-берене. Колдонуу мөөнөтү жана токтотуу
1. Ушул Протокол 5 (беш) жыл бою жарактуу болот. Эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бөлүнгөн акча каражаттары толугу менен пайдаланылса, анда ушул Протоколдун колдонулушу жазуу жүзүндөгү акыркы ырастоочу билдирүүнү алган убактан тартып токтотулат.
2. Эгерде Тараптардын бири ушул Протоколдун жоболорунун талаптарын сактабаса же экинчи Тарап сактабай жатат деп эсептесе, Тараптар жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алгандан кийин 30 күндүн ичинде баштала турган жазуу формасындагы консультацияларды өткөрүүнү сунуштай алышат. Эгерде 60 күндүн ичинде макулдашуу болбосо, кайсы гана Тарап болбосун жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган убактан тартып 60 күндүн ичинде ушул Протоколдун колдонулушун токтото алат.
3. Ар кандай себептер боюнча Протоколдун колдонулушун токтотуу ушул Протоколдун 4-беренесинин жоболоруна таасирин тийгизе албайт.
10-берене. Текст жана кол коюу
Ушул Протокол эки нускада, ар бири кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде даярдалды, ошондой болсо да бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыкса, англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ.
Ушуну ырастап, төмөндө кол койгон эки Тараптын өкмөттөрү ыйгарым укук берген өкүлдөр ушул Протоколго _______________ шаарында 2018-жылдын "__" ___________ жана _______________ шаарында 2018-жылдын "__" ___________ кол коюшту.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |
| Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |
|
|
|
колу: |
| колу: |