Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 7-августу № 278-б
Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айыл аймагынын сугат жерлерин суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айыл аймагынын жерлерин сугаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментине 2018-жылга мамлекеттик ирригациялык курулмаларды оңдоо-калыбына келтирүүчү техникалык эксплуатациялоого жана капиталдык оңдоо иштерине каралган бюджеттик каржылоонун алкагында 5500000 (беш миллион беш жүз миң) сом наркындагы ички чарбалык скважиналарды оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө уруксат берилсин.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |