Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 12-июлу № 248-б
"Систем Мюхендислик Санаий Иншаат ве Тижарет А.Ш." түрк компаниясы демилгелеген талаш-тартыштарды жөнгө салуу жана Инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борбордун 2009-жылдын 9-сентябрындагы чечимин аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Систем Мюхендислик Санаий Иншаат ве Тижарет А.Ш." түрк компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Р.Т.Тулебердиевге жана "King&Wood Mallesons" эл аралык юридикалык компаниясынын өнөктөшү А.Яковлевге ыйгарым укук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынын негизинде талаш-тартыштарды жөнгө салуу жана Инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борбордун 2009-жылдын 9-сентябрындагы чечимин аткаруу сунушун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |