Редакцияот 06.12..2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 6-декабры № 525-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосунда 2016-жылдын 7-декабрында Бишкек шаарында "Рынокторго чыгууну камсыздоо" долбоорун каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

Мурашев Нурбек Мурпазылжанович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, расмий делегациянын башчысы;

Байгончоков Мирланбек Конушбекович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, расмий делегациянын башчысынын орун басары.

Расмий делегациянын мүчөлөрү:

Назаров Айтмамат Кошоевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Жамалдинов Зиядин Исламович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Сазбаков Алмаз Замирбекович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Керималиев Жаныбек Калканович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;

Жумаканов Калысбек Туратбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;

Мурзаев Кубат Садырбекович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкармалыгынын начальниги;

Джеенбекова Надира Бабырбековна

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Тышкы байланыштар жана донорлук жардам башкармалыгынын начальниги.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине сүйлөшүүлөрдүн протоколуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

 

С.Ш.Жээнбеков