Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 21-декабры № 555-б
Евразия экономикалык бирлигинин чек арасынын кыргыз участогун, анын ичинде өткөрүү пункттарынан тышкаркы участокторун техникалык жана инженердик жактан жабдуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын, Федералдык мамлекеттик "Росчекара объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча дирекция" казыналык мекемесинин, "345-механикалык заводу" ачык акционердик коомунун ортосундагы Евразия экономикалык бирлигинин чек арасынын кыргыз участогунун, анын ичинде өткөрүү пункттарынан тышкаркы участокторунун объекттерин техникалык жактан камсыздоо үчүн жабдыктарды өткөрүп берүү жөнүндө мамлекеттик контракттын расмий тилде тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасына жогоруда аталган Мамлекеттик контрактка кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |