Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 27-декабры № 572-б
Экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү, тикелей чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Гуандун электр энергия дизайны институтунун Кытай энергетикалык техникалык тобу (GEDI)" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында цемент заводун куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун (мындан ары - Инвестициялык макулдашуу) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттик инвестициялык макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүнүн мониторингин камсыздасын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Гуандун электр энергия дизайны институтунун Кытай энергетикалык техникалык тобу (China Energy Engineering Group Guangdong Electric Power Design Institute)" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында цемент заводун куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө ИНВЕСТИЦИЯЛЫК МАКУЛДАШУУ
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында цемент заводун куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө ушул инвестициялык макулдашуу (мындан ары - Инвестициялык макулдашуу):
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - КР Өкмөтү), бир тарап, жана
Уставдын негизинде иштеген, "Гуандун электр энергия дизайны институтунун Кытай энергетикалык техникалык тобу (China Energy Engineering Group Guangdong Electric Power Design Institute)" жоопкерчилиги чектелген коомунун атынан, Башкы директору (мындан ары - Инвестор) экинчи тараптан.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Инвестор, мындан ары ар бири өз алдынча "Тарап" деп, бирге "Тараптар" деп аталышып, төмөнкүлөрдү көңүлгө алуу менен
"Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, цемент заводун куруу максатында жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө багытталган өз ара кызыкчылыкты эске алып;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Инвестордун төмөндө кол койгон өкүлдөрүнүн ар бири, ушул Инвестициялык макулдашууга кол коюу үчүн зарыл болгон мыйзамдуу ыйгарым укуктарга ээ экендигин ырасташат;
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында цемент заводун куруу долбоорун ишке ашырууда өз ара укуктары менен милдеттерин жөнгө салуу максатында;
төмөнкүлөр жөнүндө ушул Инвестициялык макулдашууну түзүштү:
1. Негизги түшүнүктөр
1.1. Ушул Макулдашууда пайдаланылган, баш тамгалар менен жазылган жана башка түрдө аныкталбаган терминдер төмөнкүдөй маанилерге ээ:
Мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын конституциялык жана башка мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык туруктуу негизде уюштурулган, аткаруу бийлигинин функцияларын ишке ашырууга, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу чечимдерди аткаруу үчүн милдеттенмелерди кабыл алууга жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылууга ыйгарым укуктуу уюм. "Мамлекеттик орган" термини ошондой эле борбордук мамлекеттик органдын функцияларын же функцияларынын бир бөлүгүн жүзөгө ашыруучу ар кандай аймактык бөлүмдү же түзүмдүк бирдикти билдирет;
Күчүнө кирүү датасы - ушул Инвестициялык макулдашуунун 19-пунктунда аныкталды;
Завод - Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы цемент заводу;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары - Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары;
Инвестициялык макулдашуу - ушул Инвестициялык макулдашуу, анын ичинде мезгил-мезгили менен киргизилип туруучу өзгөртүүлөрдүн, толуктоолордун бардык тиркемелери;
Инвестициялык долбоор - Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы "Цемент заводун" куруу долбоору;
Инвестор - ушул Инвестициялык макулдашуунун преамбуласында аныкталды;
Айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо - (мындан ары - АТТБ), долбоордук чечимдердеги белгиленген чарбалык жана башка иштен болголонгон таасирди аныктоо, талдоо, баалоо жана эске алуу, айлана-чөйрөдөгү алар пайда кылган өзгөртүүлөр;
Расмий уруксат - ар кандай уруксат, лицензия, сертификат, каттоо, күбөлүк жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ар кандай башка жактыруулары же макулдуктары;
Жоготуулар жана чыгымдар - жеке жана юридикалык жактарда пайда болгон ар кандай жоготуулар, чыгымдар, зыяндар, жоопкерчилик, милдеттенмелер, сарптоолор (пайыздарды, айыптарды, юридикалык кызмат көрсөтүүлөрү үчүн гонорарларды жана чыгымдарды кошо алганда), соттук талаш-тартыштар, доолор, дооматтар, чечүүлөр айыптар же чыгым тартуулар;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү - ушул Инвестициялык макулдашуунун преамбуласында аныкталды;
Иш күнү - Кыргыз Республикасында банктардын иштеши үчүн ачык болгон, расмий иш күнү;
Тарап - ушул Инвестициялык макулдашуудагы тараптардын ар бирин түшүндүрөт;
Тараптар - ушул Инвестициялык макулдашуудагы эки тарапты түшүндүрөт;
Техникалык-экономикалык негиздеме (мындан ары - ТЭН) - техникалык, финансылык, экономикалык, юридикалык жана экологиялык баалоолор, негизги тобокелдиктерди баалоо жана долбоордун турмушка жарактуулугу;
Кабарлоо - Инвестициялык макулдашуунун 20-главасында аныкталды;
Форс-мажор - Инвестициялык макулдашуунун 14-главасында аныкталды;
Юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, тиешелүү деңгээлде уюштурулган ар кандай компания, корпорация, акционердик коом, шериктештик, коом, ишкана, биргелешкен ишкана, инкорпорацияланбаган биргелешкен ишкана, бирикмелер, трасттык фонд же башка юридикалык жактар, уюмдар же ишканалар.
2. Чечмелөө
2.1. Ушул Инвестициялык макулдашууну пункттарга жана башка бөлүктөргө бөлүү, ошондой эле аталыштарды киргизүү ыңгайлуулук үчүн гана ишке ашырылды жана ал чечмелөөгө таасирин тийгизбеши керек.
2.2. Эгерде башкача көрсөтүлбөсө, анда пунктка же тиркемеге карата бардык номерлер менен шилтемелер, ушул Макулдашуунун көрсөтүлгөн пунктуна же тиркемесине тиешелүү болот.
2.3. "Ушул Инвестициялык макулдашуу" термини жана ошого окшогон түшүнүктөр кандайдыр бир атайын пункттарга, тиркемелерге же ушул Инвестициялык макулдашуунун бөлүгүнө эмес, Инвестициялык макулдашуунун өзүнө тиешелүү болот.
2.4. Эгерде контекстте башкача конкреттүү көрсөтүлбөсө же талап кылынбаса, жекелик санды билдирген сөз, ошол эле учурда көптүк санын билдирет жана тескерисинче, бир түрдөгү сөз, бардык түрдү билдирет жана "кошо алганда" деген сөз "кошо, бирок чектебестен" дегенди түшүндүрөт.
3. Инвестициялык макулдашуунун предмети
3.1. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1300000 тонна цемент өндүрүүчү заводду долбоорлоо, куруу жана пайдаланууга берүү максатында, Кыргыз Республикасынын аймагында Инвестор тарабынан жүзөгө ашырылган инвестициялык долбоор ушул Макулдашуунун предмети болуп саналат.
4. Инвестициялык иштин объекти
4.1. Ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча инвестициялык макулдашуунун обьекти болуп, Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарында жайгашкан цемент заводунун курулушу саналат.
4.2. Инвестициянын жалпы суммасы 135858700 (бир жүз отуз беш миллион сегиз жүз элүү сегиз миң жети жүз) АКШ долларын түзөт.
5. Завод
5.1. Завод Инвестордун менчиги болуп саналат;
5.2. Завод Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жайгашат.
5.3. Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1300000 (бир миллион үч жүз миң) тоннаны түзөт.
5.4. Завод цемент чыгаруу үчүн гана колдонулат.
5.5. Заводдун өндүрүштүк процесси "Евро-4төн" төмөн эмес экологиялык стандартка ылайык келет.
5.6. Заводдун ишинде 2015-жылдан кийин чыгарылган технологиялык жабдуулар колдонулат.
5.7. Заводдун курулушу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Инвестордун ортосунда бекитилген План-графикке ылайык ишке ашырылат.
5.8. Инвестициялык макулдашуу күчүнө киргенден тартып Заводду пайдаланууга киргизүү мөөнөтү 19 (он тогуз) айды түзөт.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билдирүүсү жана кепилдиги
6.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Инвестициялык макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Инвестициялык макулдашууну түзүүгө жана ишке ашырууга ыйгарым укуктуу экендигин жана ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча өзүнүн милдеттерин аткара тургандыгын жана мындай бардык аракеттер зарыл болгон жол-жоболор менен тиешелүү түрдө санкциялангандыгын билдирет жана аларга кепилдик берет;
- ушул Инвестициялык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан талаптагыдай түрдө жана мыйзамдык негизде түзүлдү, ал үчүн милдеттер мыйзамдуу, анык жана юридикалык милдеттүүлүктү түзөт, алар шарттарына ылайык аткарылышы мүмкүн;
- ушул главанын тексти жана мазмуну "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карызы болуп саналбайт жана мамлекеттин кепилдиктери карыз катары чечмелениши мүмкүн эмес.
7. Инвестордун билдирүүсү жана кепилдиктери
7.1. Инвестор, күчүнө кирген датага карата төмөнкүлөрдү билдирет жана кепилдик берет:
- Инвестор тиешелүү түрдө уюшкандыгын мыйзамдуу негизде иштегендигин, аны уюмдаштырууда юрисдикция мыйзамдарына ылайык бардык талаптарга шайкештигин, Инвестор учурда иштеген жана мындан ары да иштөөсү болжолдонгон чарбалык иштерди ишке ашырууга мыйзамдуу ыйгарым укук берилгендигин;
- Инвесторго ушул Инвестициялык макулдашууну түзүүгө жана аткарууга, ошондой эле ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча өзүнүн милдеттерин аткарууга жана бардык зарыл болгон жол-жоболорго ылайык, өзү тарабынан тиешелүү түрдө макулдашылган бардык аракеттерди жасоого ыйгарым укук берилгендигин;
- ушул Инвестициялык макулдашууну түзүү жана аткаруу анын мекемесинин же уюштуруу документтеринин, же Инвестор тарап болуп саналган же Инвестор өзү же анын ар кандай активдери тиешелүү болгон макулдашуунун, токтомдун же буйруктун шарттарына ылайык, олуттуу тартип бузууларга же аткарылбай калышына, же аткаруу мөөнөтүн кыскартууга алып келбей тургандыгын;
- ушул Инвестициялык макулдашуу Инвестор тарабынан тиешелүү түрдө жана мыйзамдык негизде түзүлгөндүгүн, ал үчүн милдеттер мыйзамдуу, анык жана юридикалык милдеттүүлүктү түзөөрүн, анын шарттарына ылайык аткарылышы мүмкүн экендигин билдирет;
- Инвесторго каршы эч кандай доолор коюлбагандыгын, кандайдыр бир соттук иштер козголбогондугун, эч кандай териштирүүлөр же иликтөөлөр жүргүзбөгөндүгүн жана булардын бардыгы биригип же ар бири өз алдынча анын чарбалык иши, активдери, финансылык же башка жагдайлары үчүн кандайдыр бир жагымсыз кесепет алып келүүчү же ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу жөндөмдүүлүгүн төмөндөтүүчү, мындай аракеттерди жасаган деген ага каршы ар кандай сот, арбитраж же мамлекеттик орган тарабынан коркунучтар жоктугун. Инвесторго кандайдыр бир тартип бузуулар же буйруктарды, токтомдорду аткарбагандыгы же мындай олуттуу жагымсыз кесепеттерге же алсыздыкка алып келүүчү, ар кандай сот, арбитраж же мамлекеттик органдар тарабынан тыюу салуулар болбогондугун;
- Инвестор ага карата колдонулуучу мыйзамдарды сактагандыгын, аларга байланыштуу эч кандай айыптар, санкциялар, соттук тыюулар колдонулбагандыгын жана анын чарбалык ишине, финансылык абалына же ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу жөндөмүнө таасирин тийгизе турган, ага каршы кылмыштык жоопкерчиликтер козголбогондугуна кепилдик берет;
- ушул Инвестициялык Макулдашууга киргизилген, Инвестордун билдирүүлөрүнүн жана ынандырууларынын бири да олуттуу фактылар тууралуу эч кандай жалган ырастоолорду камтыбайт (ушул Инвестициялык макулдашууну түзүү датасында белгилүү болгон же Инвесторго белгилүү) жана мындай билдирүүлөр, ынандыруулар жагдайларды эске алуу менен адашууларга алып келбесин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кандайдыр бир олуттуу фактыларга жол бербейт.
8. Тараптардын укуктары
8.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- Инвестициялык макулдашууну түзүү жана бузуу шарттарын, тартибин аныктоо, Инвестициялык макулдашууну түзүү жана каттоо;
- Инвестициялык макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча Инвестордун милдеттенмелерин сакташына жана өз убагында аткарылышына тиешелүү талап коюу үчүн контролдоону ишке ашыруу;
- Инвестициялык долбоордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү;
- ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча Инвестордон милдеттенмелерди аткаргандыгын ырастоочу маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле Инвестициялык долбоордун ишке ашырылышына карата тиешеси бар маалыматтарды белгиленген мөөнөттө Инвестордон талап кылуу;
- ушул Инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды белгиленген мөөнөттө киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Форс-мажордук жагдайларды тааныгандан башка учурларда, Инвестор тарабынан милдеттенмелер жарым-жартылай же толук аткарылбаса ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда бөлүнүп берилген жер участогун мөөнөтүнөн мурда алып коюу укугуна ээ;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Инвестициялык макулдашууда белгиленген башка укуктарды жүзөгө ашыруу.
8.2. Инвестор төмөнкү укуктарга ээ:
- Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн ушул Инвестициялык макулдашуунун жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген аракеттерди көрүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жол-жоболорго ылайык башкы жергиликтүү жана чет өлкөлүк подрядчыларды, төмөнкүлөрдү кошо алганда, бирок ошолор менен эле чектелбестен, долбоорлоо жана куруу иштерин аткаруу үчүн башкы подрядчыларды, субподрядчыларды, ошондой эле Инвестициялык долбоордо каралган объекттерди куруу, аларды оңдоо, реконструкциялоо, калыбына келтирүү жана өркүндөтүү үчүн башка компанияларды, товарларды жеткирүүчүлөрдү тандоо;
- Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча иштердин бөлүгүн ушул Инвестициялык макулдашууга ылайык инвестор өзү тандаган бир же андан көп субподрядчыга берүү, эгерде субподрядчылар аларга берилген иштин көлөмүн аткарууга тиешелүү расмий уруксатка ээ болсо. Мындай өткөрүп берүүлөргө карабастан, Инвестор Өкмөт алдында берилген иштери үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- белгиленген тартипте ушул Макулдашууга толуктоолорду жана (же) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү;
- Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн бөлүнүп берилген квоталардын чегинде кесиптердин тизмеси жана саны боюнча чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга, бирок ал заводдун кызматкерлеринин жалпы санынын 10 (он) пайызынан ашпоого тийиш.
9. Тараптардын милдеттери
9.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнө төмөнкүдөй милдеттерди алат:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Инвестициялык макулдашуунун талаптарын сактоо;
- Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында жер участогун бөлүп берүүгө көмөк көрсөтүү.
9.2. Инвестор төмөнкүдөй милдеттерди өзүнө алат:
- жер участогу бөлүп берилген учурдан тартып ушул Инвестициялык макулдашууга ылайык Инвестициялык долбоорду ишке ашырууну камсыздоо;
- Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында цемент заводун курууга жер участогу мөөнөттүү (убактылуу) укукта берилген учурдан тартып 30 (отуз) күндүн ичинде Заводду куруунун бекитилген План-графигин берүү;
- ушул Инвестициялык макулдашуунун 4.2-пунктунда көрсөтүлгөн инвестицияларды ишке ашыруу жана ушул Инвестициялык макулдашуунун 5.6-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жараша Заводду пайдаланууга берүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде курулуш, техникалык, өнөр жай, экологиялык жана башка коопсуздук чараларын жана Инвестициялык долбоорду курууда ушул Инвестициялык макулдашуунун талаптарын сактоо. Атап айтканда, Инвестор алардын персоналдарына карата колдонулуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде жумушка алуу, ден соолугун коргоо, социалдык камсыз кылуу жана чет өлкөлүк жарандардын иштешине уруксат алуу боюнча мыйзамдарга ылайык иштөөгө милдеттүү;
- Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда алынган жер участогунун максаттуу пайдаланышын ишке ашыруу;
- ушул Инвестициялык макулдашуунун 4.1-пунктунда көрсөтүлгөн иштин түрүн өзгөртпөө жана Инвестициялык долбоордун шарттарын бузбоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана мамлекеттик органдар талап кылган, Инвестициялык долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматтарды берүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын жана жергиликтүү шарттарды максималдуу эсепке алуу жана адаптациялоо менен ТЭНди жана Заводдун долбоордук-сметалык документтерин, анын ичинде АТТБ боюнча документтерди Заводдун курулушу башталганга чейин тиешелүү Мамлекеттик органдар менен макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу тармагындагы мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыздоо;
- заводду ишке киргизүүгө карата 300дөн (үч жүз) кем эмес жаңы жумуш орундарын түзүү;
- жумуштун 90 (токсон) пайызынан кем эмесине инженердик-техникалык кызматкерлерди жана жумушчуларды - Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке тартуу;
- Инвестор ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча милдеттерин жарым-жартылай же толугу менен аткарбаган учурда, Инвестор Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда алган жер участогун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Форс-мажор жагдайларын таануудан тышкары мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүгө милдеттүү болот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Инвестициялык макулдашууда белгиленген башка милдеттерди аткаруу.
10. Тараптардын жоопкерчиликтери
10.1. Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Инвестициялык макулдашуу боюнча милдеттерин Тарап аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда айыптуу Тараптардын бири тарткан жоготуулардын жана чыгымдардын ордун толтурууга милдеттенет.
11. Айлана-чөйрөнү коргоо жана коопсуздук
11.1. Инвестор өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын жана ушул Инвестициялык макулдашууга ылайык ишке ашырат.
11.2. Кыргыз Республикасынын аймагында Заводду курууда айлана-чөйрөгө, жеке адамдардын ден-соолугуна жана өмүрүнө, Кыргыз Республикасынын жеке адамдарынын жана (же) юридикалык жактарынын мүлкүнө зыян келтирилсе, мындай зыян келтирүүлөрдүн орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Инвестор тарабынан толтурулууга тийиш.
12. Салыктар жана төлөмдөр
12.1. Инвестор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бюджетке салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө милдеттенет.
13. Инвестицияларды коргоо
13.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Инвестициялык долбоорго байланыштуу инвестицияларды (капиталдык салымдарды) коргоо боюнча чараларды көрөт.
14. Форс-мажор
14.1. Ушул беренеде көрсөтүлгөн акчалай сумманы жана милдеттерди төлөө боюнча милдеттенмелерден башка, ушул Инвестициялык макулдашуу боюнча ар кандай милдеттенмелерди (же анын кандайдыр бир бөлүгүн) аткарбагандыгы же өз убагында аткарылбагандыгы үчүн жооптуу ар бир Тарап, ушул Инвестициялык макулдашуудагы аныктамага ылайык Форс-мажордук жагдайлардан улам мындай аткарбагандык же өз убагында аткарбоо пайда болгон же зыян келтирилген учурда, мындай аткарбагандык же өз убагында аткарбагандык үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
14.2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карата Форс-мажор төмөнкүлөр менен чектелет:
- табигый кырсыктар (жер титирөө, сел, көчкү, циклон, суу каптоо, өрт, чагылган, суу ташкындары, вулкан атылуу жана башка ушул сыяктуу көрүнүштөр);
- эгемендүү мамлекеттердин ортосундагы аскердик аракеттер, террордук актылар, көтөрүлүштөр жана козголоңдор;
- Кыргыз Республикасынан башка, эгемендүү мамлекеттерге карата эл аралык эмбарго;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана (же) мамлекеттик органдарга өзүнүн милдеттерин же алар контролдобогон алардын кандайдыр бир бөлүгүн аткарууга мүмкүндүк бербеген ушул пункттун 2, 3 жана 4-абзацтарында көрсөтүлгөн ар бир жагдай жана себеп учурундагы шарттар жана алардын ар кандай кепилдиктери, ал эми ушул пункттун 2, 3 жана 4-абзацтарында көрсөтүлгөн жагдайлар менен себептер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана (же) мамлекеттик органдардын шалакылыгы жана ушул Инвестициялык макулдашуунун алардын бузушунан улам пайда болбогон же шартталбаган шарттар.
14.3. Инвесторго карата Форс-мажор Инвесторго өзүнүн милдеттерин же алардын кандайдыр бир бөлүгүн аткарууга мүмкүндүк бербеген, анын акылга сыярлык контролунан тышкары турган, Инвестордун шалакылыгы же ушул Инвестициялык макулдашууну бузуусу менен пайда болбогон же шартталбаган кырдаалдар же себептер жана алардын бардык кесепеттери менен чектелет. Ушул пунктка ылайык, Форс-мажор ушул берененин башка талаптарына алардын шайкештик шарттарында өзүнө төмөнкүдөй жагдайлар жана себептерди камтыйт:
- табигый кырсыктар (жер титирөө, сел, көчкү, циклон, суу каптоо, өрт, чагылган, суу ташкындары, вулкан атылуу жана башка ушул сыяктуу көрүнүштөр);
- согуштар, Инвестордун кызматчылары менен чектелбеген иш таштоолор жана башка эмгек талаштары, көтөрүлүштөр жана козголоңдор, террордук актылар;
- эл аралык эмбарго, ошондой эле Инвестордун акылга сыярлык контролунан тышкары турган, жогоруда көрсөтүлгөндөй же ага окшобогон мүнөздөгү башка жагдайлар же себептер жана алардын күч алышы.
14.4. Эгерде, Тарап акчалай сумманы төлөө милдеттенмелеринен башка, Форс-мажордун натыйжасында ушул Инвестициялык макулдашуу же анын кандайдыр бир бөлүгү боюнча өзүнүн милдеттерин аткаруу жөндөмдүүлүгүн жоготсо, ал анын алдында милдеттенмелерди аткарууга тийиш болгон башка Тарапка бул тууралуу жазуу жүзүндө тез билдирүү берет.
14.4.1. Мындай билдирүүдө төмөнкүлөр көрсөтүлүшү зарыл:
- мындай Тарап аткара албай турган милдеттенмелер же алардын бөлүгү;
- Форс-мажор жагдайы толугу менен сүрөттөлүшү;
- Форс-мажор жагдайы сактала турган убакыт;
- Форс-мажор кесепетин оңдоо же азайтуу үчүн өзүнө же башка Тарапка сунушталган чаралар көрсөтүлүшү керек.
14.5. Мындай билдирүү берилгенден кийин жана Форс-мажор сакталып турган бардык мөөнөттүн ичинде, акчалай сумманы төлөө боюнча милдеттенмелерден башка, мындай Форс-мажордон улам аткаруу мүмкүн болбогон бардык милдеттенмелер же анын кайсыл бир бөлүгү токтотулат.
14.6. Форс-мажордун кесепетинен улам, өзүнүн милдеттенмелерин же алардын кандайдыр бир бөлүгүн аткаруу мүмкүнчүлүгүн жоготкон ар-кандай Тарап, Тараптар тарткан зыянды азайтуу үчүн же Форс-мажор жагдайларын жокко чыгаруу же оңдоо жана өзүнүн милдеттенмелерин же алардын кандайдыр бир бөлүгүн мүмкүн болгон кыска мөөнөттө аткарууну калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон чараларды көрөт жана каражаттарды сарптайт.
14.7. Форс-мажордун натыйжасында өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу мүмкүндүгүнөн ажыраган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Форс-мажор сакталган мезгилде же анын натыйжасында Инвестор тарткан кайсыл бир жоготууларды жеңилдетүү үчүн зарыл болгон бардык керектүү чаралардын мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынышын камсыздайт.
14.8. Форс-мажордун натыйжасында өзүнүн (акчалай сумманы төлөө милдетинен башка) милдеттенмелерин же алардын бөлүктөрүн аткаруу мүмкүндүгүнөн ажыраган Инвестор, Форс-мажор сакталган мезгилде жана анын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ар кандай мамлекеттик орган, жеке адам жана (же) Юридикалык жак тарткан жоготууларды жана чыгымдарды жеңилдетүү үчүн бардык керектүү аракеттерди көрөт.
15. Купуялуулук
15.1. Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ушул Инвестициялык макулдашуу колдонулган мөөнөттө аны ишке ашыруу боюнча иштерге тиешелүү бардык документтер, маалыматтар жана отчёттор боюнча купуялуулук шарттарын сакташат.
15.2. Тараптардын бири да төмөнкү учурлардан башкаларда экинчи Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугун албастан, Инвестициялык долбоорду жүзөгө ашыруу менен байланышкан жана Инвестициялык макулдашуунун мазмунуна тиешелүү маалыматтарды же купуя деп саналган жана башка маалыматтарды ачыкка чыгарууга укуксуз:
- маалыматтар соттук териштирүүнүн жүрүшүндө пайдаланылса;
- маалыматтар Инвестициялык макулдашуу боюнча Тараптардын бирине кызмат көрсөткөн үчүнчү жактарга сунушталса, эгерде, мындай үчүнчү жак ушундай маалыматтардын купуялуулук шарттарын сактоо милдеттенмесин алган жана Таралтар белгилеген максаттарда, Тараптар аныктаган мөөнөттө гана пайдалануу шарттарында;
- Инвестициялык макулдашуу боюнча Тарап финансылык каражаттарды алган банкка же башка финансылык уюмга маалыматтар берилгенде, мындай банк же финансылык уюм ушул маалыматтардын купуялуулук шарттарын сактоо милдетин алган шарттарда;
- маалыматтар, ар кандай, анын ичинде Инвестордун ар кандай банктык эсебине, ошондой эле Кыргыз Республикасынан тышкары чет өлкөлүк банктарда ачылган эсебине тиешелүү, банктык купуя болуп саналган маалыматтарга жетүү мүмкүндүгүнө ээ болгон, Кыргыз Республикасынын салык же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына сунушталса;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Инвестициялык макулдашуу түзүлгөн Инвестициялык долбоорду ишке ашырууга тийиштүү ченемдик укуктук актыларды жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяласа. Мында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү инвестициянын суммасы, ишке ашырылуучу регион, түзүлүүчү жумушчу орундарынын саны жана Инвестициялык долбоордун аталышы жөнүндө гана маалыматтарды жарыялоого укуктуу.
16. Талаш-тартыштарды чечүү
16.1. Ушул Инвестициялык макулдашуудан же ага байланыштуу (аны түзүүгө жана ушул Инвестициялык макулдашуунун болушуна, аныктыгына, аткарылышына же токтотулушуна карата мамилелерди кошо алганда) жана (же) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Инвестордун катышуусунда Инвестициялык долбоорду ишке ашырууга байланыштуу келип чыккан бардык талаш-тартыштар сүйлөшүү жолу менен чечилет. Эгерде, мындай сүйлөшүүлөрдөн кийин 3 (үч) айдын ичинде талаш-тартыштар чечилбесе, анда мындай талаш Кыргыз Республикасынын сотторунда чечилүүгө тийиш.
17. Инвестициялык макулдашуунун туруктуулугунун кепилдиктери
17.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандардан башка учурларда жана ушул Инвестициялык макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Тараптардын макулдугу боюнча киргизилсе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Инвестордун ортосунда түзүлгөн Инвестициялык макулдашуунун шарттары ушул Инвестициялык макулдашуу колдонулган мөөнөт аяктаганга чейин өзгөрүүсүз калат.
18. Колдонулуучу укук
18.1. Ушул Инвестициялык макулдашуу жана ушул Инвестициялык макулдашуунун негизинде кол коюлган башка макулдашуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат жана чечмеленет.
19. Инвестициялык макулдашуунун күчүнө кириши жана колдонуу мөөнөтү
19.1. Ушул Инвестициялык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Инвестор кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет (мындан ары - күчүнө кирүү датасы) жана Тараптар өздөрүнүн милдеттенмелерин аткарганга чейин колдонулат.
20. Кабарлоо
20.1. Ушул Инвестициялык макулдашууга байланыштуу же анын негизинде берилген кабарлар, жактыруулар, макулдашуулар жана башка билдирүүлөр (ушул пунктта "Кабарлоо" деп аталат):
- орус жана кыргыз тилинде жазуу түрүндө түзүлүүгө тийиш;
- колдон-колго берилүүгө тийиш же почта жыйымын алдын ала төлөө жана даректелүүчүнүн дарегине жеткирүү же каттоо белгиси менен почта аркылуу жөнөтүлөт же ушул Инвестициялык макулдашуунун 20.2-пунктунда көрсөтүлгөн даректелүүчүнүн дарегине же башка даректи, телекстин, факстын номерин көрсөтүү менен, ушул пунктка ылайык берилген Кабарлоодо тиешелүү Тарап мезгил-мезгили менен көрсөткөн башка жакка даректелээрин белгилөө аркылуу, ушул пунктта көрсөтүлгөн телекс же факсимилдик байланыш боюнча даректелүүчүнүн телексинин же факсынын номерине жөнөтүлөт;
- кандайдыр бир шектенүүдөн качуу үчүн, электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөн Кабарлоо анык эмес деп эсептелет.
20.2. Ушул Инвестициялык макулдашуу күчүнө кирген датага карата Тараптардын ар бири төмөнкүдөй реквизиттерге ээ болот:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
Дареги: [*]
Факс: [*]
Кимге: [*]
Инвестор:
Дареги: [*]
Факс: [*]
Кимге: [*]
20.3. Мурда алынгандыгы жөнүндө ырастоо болбосо, ар кандай Кабарлоо ушул Инвестициялык макулдашуунун 20.4-пунктуна ылайык алынды деп эсептелген күндөн тартып күчүнө кирет.
20.4. 20.3-пунктту эске алуу менен Кабарлоо алынды деп эсептелинет:
- Кабарлоо даректелүүчүнүн дарегине колмо-кол берилсе - мындай дарекке жеткирилгендигин; же,
- эл аралык таанылган курьердик жеткирүү кызматы пайдаланылган учурда - эл аралык таанылган кызмат мындай кабарды же документти тиешелүү дарекке жеткиргендиги жана алгандыгын күбөлөндүрүүчү колун коюу менен; же,
- факс боюнча жөнөтүлгөн учурда - факсимилдик аппарат менен маалыматтардын берилгени тууралуу протоколдун көчүрмөсүн алуу боюнча, факсимилдик билдирүү алуучунун факс номерине толук көлөмдө жөнөтүлгөндүгүн көрсөтүү менен.
20.5. Ушул Инвестициялык макулдашуунун 20.4-пунктуна ылайык иш күнү болуп саналбаган күнү же алынган жердеги жергиликтүү убакыт боюнча саат 17.00 мүнөттөн кийин алынган же алынды деп эсептелген кабарлоо кийинки иш күнү алынган болуп эсептелет.
20.6. Ар бир Тарап ушул Инвестициялык макулдашууда көрсөтүлгөн дарекке же факска кабар берүүгө ылайыксыз болгон учурда, экинчи Тарапка эки жумалык мөөнөттө ушул пунктка ылайык жөнөтүлүүчү Кабарлоону билдирүүгө милдеттенет.
21. Инвестициялык макулдашууну бузуунун шарттары
21.1. Ушул Инвестициялык макулдашуу Тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдугу боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
21.2. Инвестициялык макулдашуудагы көрсөтүлгөн милдеттенмелерди Инвестор аткарбаган учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир тараптуу тартипте аны жокко чыгаруу укугуна ээ.
22. Инвестициялык макулдашуунун тили
22.1. Ушул Инвестициялык макулдашуу орус жана англис тилинде төрт түп нускада түзүлөт, эки нуска Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн жана эки нуска Инвестор үчүн.
22.2. Ушул Инвестициялык макулдашуунун бардык нускалары түп нуска болуп саналат жана бирдей юридикалык күчкө ээ болушат.
22.3. Эгер Инвестициялык макулдашуунун тексттеринде айырмачылыктар болсо, орус тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
23. Кошумча жоболор
23.1. Ушул Инвестициялык макулдашууга киргизилүүчү ар кандай өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор, эгерде алар Тараптардын ар биринин колу коюлган кошумча макулдашуу аркылуу жазуу түрүндө таризделсе анык жана күчүндө деп саналат.
23.2. Тиркемелердин же Инвестициялык макулдашуунун өзүнүн жоболорунун ортосунда кандайдыр бир айырмачылыктар болсо, Инвестициялык макулдашуу негиз түзүүчү мааниге ээ болот.
23.3. Ушул Инвестициялык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2016-жылдын "___" _______________ Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан
Аты-жөнү: ________________________
Кызматы: _________________________
Колу _____________________________
М.О.
"Гуандун электр энергетикалык дизайн институтунун Кытай энергетикалык техникалык тобу (China Energy Engineering Group Guangdong Electric Power Design Institute)" жоопкерчилиги чектелген коомунун атынан
Аты-жөнү: ________________________
Кызматы: _________________________
Колу _____________________________
М.О.