Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 22-августу № 287-б
1. Расмий тилде тиркелген төмөнкү долбоорлор (расмий эмес котормо) жактырылсын:
- "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоору боюнча эл аралык келишимди түзүүчү Япониянын Өкмөтүнүн нотасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жооп нотасынын долбоору;
- "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча) "Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа" долбоорун ишке ашырууда аткаруучу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ушул буйруктун 1-пунктунда аталган жооп нотанын жана Гранттык макулдашуунун долбоорлоруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |