Редакцияот 23.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Премьер-министринин 2019-жылдын 29-январындагы № 35 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2018-жылдын 23-августу № 530

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтагы (финансы полициясы) кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) коллегиясынын мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр бекитилсин:

Кирбашев Аят Эсенаманович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;

Мамбетов Азамат Касымбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) Штабынын башчысы;

Абдылдаев Сагынбек Токонович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) ыкчам иштер башкармалыгынын начальниги;

Журабаев Искандар Муртазакулович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) тергөө башкармалыгынын начальниги.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 29-январындагы № 55 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев