Редакцияот 03.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 291-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 3-февралы № 26-б

Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча көрүлгөн чараларды координациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-августундагы № 362-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган буйруктун тиркемесинде:

- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы;";

- төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;".

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков