Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 22-сентябры № 338-б
Эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 274-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген 2018-жылга мүчөлүк, үлүштүк акылар төлөнүүчү эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин тизмесинде:
- 32-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
32 | Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы | 11904465,00 |
";
- төмөнкүдөй мазмундагы 36-пункт менен толукталсын:
"
36 | Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңеши | 7427535,00 |
".
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |