Редакцияот 19.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 19-октябры № 366-б

2005-жылдын 19-октябрында Париж шаарында БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча башкы конференциясында кабыл алынган Спорттогу допингге каршы күрөшүү жөнүндө эл аралык конвенцияны ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик 2005-жылдын 19-октябрында Париж шаарында БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча башкы конференциясында кабыл алынган Спорттогу допингге каршы күрөшүү жөнүндө эл аралык конвенцияны аткарууда Кыргыз Республикасынын аткаруучу органы болуп аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте Медициналык-консультациялык кызмат көрсөтүүлөр жана спорттук медицина борборунун базасында "Спорттук реабилитациялоо борбору" мекемесин түзүп, Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;

- спорттогу допингге каршы күрөшүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке спорттогу допингге каршы күрөшүү боюнча консультациялык жардам көрсөтсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

 

М. Д. Абылгазиев