КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 31-октябры № 380-б
Кесиптик милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Басма сөз жана маалымат күнүн жана Кыргыз Республикасынын радио жана телеберүү кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланышсын:
Абдраев Жомарт Ырысбаевич | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын "Ата-Журт" социалдык-экономикалык продюсердик борборунун баяндамачысы; |
Абдыраев Сталбек Нурмамбетович | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын редактору; |
Бокошева Миргүл Камиловна | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Ош облусу боюнча кабарчылык пунктунун координатору; |
Жунусова Каныкей Мухаммедовна | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Ала-Тоо 24" студиясынын жооптуу чыгаруучу редактору; |
Исабаева Жыпаркүл Ошуровна | - | "Кыргыз Туусу" басма үйүнүн маданият бөлүмүнүн башчысы; |
Исакова Аина Капарбековна | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын диктору; |
Мамекова Диана Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Ала-Тоо 24" студиясынын кабарчысы; |
Мамыркулов Батырбек Мырзакматович | - | "Sputnik Кыргызстан" маалымат агенттигинин жана радиосунун шеф-продюсери; |
Мамытов Бактыбек Камчыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын диктору; |
Молдоева Гүлшан Абыкаевна | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын диктору; |
Чойбеков Улан Алмазбекович | - | "Кабар" кыргыз улуттук маалымат агенттигинин директорунун орун басары. |
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |