Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 1-ноябры № 384-б
1997-жылдын 17-январында Москва шаарында кол коюлган Уюлдук көчмө байланыш системасын өнүктүрүүдөгү жана колдонуудагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун расмий тилде тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |