КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2018-жылдын 31-октябры № 662
Ак ниет жана үлгүлүү кызматы үчүн, кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 94 жылдыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан энчилүү саат менен төмөнкүлөр сыйланышсын:
Эрматов Сейитбек Таштанович | - | Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын инспектору; |
Сапаев Марат Мухамеджанович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын координациялоо жана алдын алуу башкармалыгынын жашы жете электердин иштери боюнча бөлүмүнүн инспектору, милициянын полковниги; |
Мунайтбасов Сүйүнбек Садырович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү, милициянын подполковниги. |
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
Осмонов Урматбек Насырбековичке | - | Жалал-Абад облусунун Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн Октябрь айылдык милиция бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын милициянын участкалык улук кызматкери, милициянын подполковниги; |
Абжапаров Бакытбек Касымовичке | - | Ош облусунун Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын милициянын участкалык улук кызматкери, милициянын майору; |
Салмоорбек уулу Дайырбекке | - | Нарын облусунун Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын милициянын участкалык кызматкери, милициянын майору. |
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |