Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 13-ноябры № 403-б
"Ислам азыркы дан аралашпаган мамлекетте" аттуу эл аралык II конференцияны ийгиликтүү уюштуруу жана катышуучуларды тосуп алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери 2018-жылдын 15-16-ноябрында Бишкек шаарында өтүүчү "Ислам азыркы дин аралашпаган мамлекетте" аттуу II эл аралык конференциянын катышуучуларын (мындан ары - Конференциянын катышуучулары) - чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды виза жактан колдоого жана визаларын консулдук жыйымдарды албастан тариздөөгө көмөк көрсөтүшсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул буйруктун 1-пунктунда аталган тиешелүү документтерди макулдашуу боюнча чечимдерди ыкчам тартипте кабыл алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Конференциянын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан ыкчам тартипте өтүүгө көмөк көрсөтсүн.
4. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна Конференцияга катышуучулардын учуп келүүсүн/учуп кетүүсүн уюштурууга төмөнкүдөй жолдор менен көмөк көрсөтүү сунушталсын:
- "Манас" аэровокзалдык комплексинин аянтына Конференциянын катышуучуларын түшүрүү/чыгаруу үчүн транспорттун кирүүсүнө жана чыгуусуна мүмкүнчүлүк берүү;
- Конференциянын катышуучуларын контролдоо жол-жоболорунан өткөрүүдө аларды тосуу үчүн конференцияны уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин мүчөлөрү "Манас" эл аралык аэропортунун аэровокзалдык комплексинин учуп келгендердин залына кирүүсүн камсыздоо;
- Конференциянын катышуучуларын ташууга тартылган автотранспорттун "Манас-2" аэровокзалдык комплексинин аймагындагы токтоочу жерлерге кирүүсүн камсыздоо (мамлекеттин биринчи жетекчилеринин аба кемелерин тейлөө боюнча иш-чаралар болбогон учурда).
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Конференциянын катышуучуларын коштоп жүрүүнү камсыздасын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |