Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2018-жылдын 2-ноябры № 673
Туризмди өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, Дүйнөлүк туризм күнүн майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен BGI (The USAID Business Growth Initiative (BGI) Project) долбоору боюнча Жыргалаң консорциумунун менеджери Ибаков Эмилбек Кеңешович сыйлансын.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
Жамалова Рахат Өмүрбековнага | - | "Дестинация Каракол" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору; |
Алиев Мамыр Абсаматовичке | - | "KyrgyzPamirTours" туристтик-транспорттук компаниянын жетекчиси; |
Тойчубаев Станбек Абдинасиповго | - | "Ашу" конок үйүнүн менеджери; |
Мамбеталиева Айше Муратовнага | - | "Айылдык жана жамааттык туризм чөйрөсүндө бизнес менен бийлик органдарынын ортосундагы ортомчулук уюмдарды бекемдөө аркылуу Борбор Азия өлкөлөрүн экономикалык жактан ар тараптуу өнүктүрүү" долбоорунун менеджери, Евросоюз долбоору, Central Asia Invest, 4-фаза; |
Рыскулов Акбар Аблизовичке | - | "ЗиЛ" тоо лыжа комплексинин башкы директору; |
Харов Арлан Муратовичке | - | "Азия Экспедишинз" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси; |
Батырбеков Чыңгыз Тажимурзаевичке | - | "Bitravel" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору; |
"Байтур" Корпорациясына. |
|
|
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |