Редакцияот 05.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2018-жылдын 5-ноябры № 679

Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнүнүн урматына, социалдык чөйрөдө көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөр энчилүү саат менен сыйлансын:

Ирсалиев Медер Эсенгулович

-

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;

Кадырова Гульнара Каюмовна

-

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун иш кагаздарын жүргүзүү жана электрондук документ жүгүртүү секторунун башчысы;

Калмырзаева Жазгуль Суеркуловна

-

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпул жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын башкы адиси;

Бостонова Гулумкан Маданбековна

-

Жалал-Абад шаардык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:

Жумабаева Бактыгул Илиязовнага

-

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын финансылык эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн башкы адиси;

Дуйшеева Майрамбүбү Артыковнага

-

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын финансылык эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн башчысы.

 

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев