Редакцияот 26.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2018-жылдын 26-октябры № 645

Ак ниет жана жемиштүү эмгеги үчүн, Кыргыз Республикасынын автомобилдик транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөр энчилүү саат менен сыйланышсын:

Батырканов Изат

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин Ысык-Көл региондук № 4 бөлүмүнүн № 3 жол-тейлөө мекемесинин автогрейдерчиси;

Додуев Максат Абдимиталипович

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

Рыспаев Тимур Бейшенбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:

Саттаров Абдилла Саматовичке

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолдор башкармалыгынын № 13 жол-тейлөө мекемесинин машинист-оператору;

Алибаев Абдырахманга

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин Ош-Сарыташ-Иркештам автомобиль жолдор башкармалыгынын № 44 жол-тейлөө мекемесинин начальниги;

Сатмырзаев Кабылбек Өскөнбаевичке

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин Жалал-Абад-Балыкчы автомобиль жолдор башкармалыгынын № 17 жол-тейлөө мекемесинин автогрейдерчиси;

Керимбеков Канай Осмонкуловичке

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин Талас аймактык башкармалыгынын транспорттук контролдоо бөлүмүнүн башкы инспектору;

Мамытов Жолдошбек Абдирешовичке

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин Чүй облусу боюнча № 1 региондук бөлүмүнүн № 28 жол-тейлөө мекемесинин начальниги.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев