Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 19-ноябры № 408-б
1. Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУ Конвенциясынын ченемдерин аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын бешинчи мезгилдүү баяндоосун даярдоо боюнча Ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри. Комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;