КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2018-жылдын 12-ноябры № 686
Кыргыз Республикасынын белгилүү ишмерлерине арналган бир катар илимий-практикалык конференцияларды уюштурууга жана аткарууга активдүү колдоо көрсөткөндүгү, кыргыз тилин илгерилетүүгө жана өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын элдеринин ортосундагы достукту бекемдөөгө кошкон орчундуу салымы үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөр энчилүү саат менен сыйланышсын:
Гусейнова Иннара Али кызы | - | Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин илимий иштери боюнча проректору; |
Конев Владимир Николаевич | - | Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине жана Шанхай кызматташтык уюмуна катышкан мамлекеттердин тилдери жана маданияты бөлүмүнүн начальниги. |
2. Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин Ч.Айтматов атындагы Кыргыз тили жана маданияты борборунун директору Хулхачиева Женишкуль Саматовнага Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыялансын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |