КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 20-февралы № 26-б
"Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-главасына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) арызынын негизинде 2012-жылы чыгарылган, кузовунун № JN1TCSZ61Z0584869, кыймылдаткычынын № TD4225104, кыймылдаткычынын көлөмү 4169 см3 болгон, ак түстөгү «Ниссан-Патрол» маркасындагы автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы жол-жобосунда жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1 -пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине ыкчам башкарууга өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын, наркын бааласын жана арналышы боюнча пайдалансын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |