Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 8-февралы, № 13-б
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына өз убагында даярдык көрүүнү жана аны Кыргыз Республикасында 2019-жылдын июнунда ийгиликтүү өткөрүүнү, ошондой эле чет мамлекеттердин башчыларын жана расмий делегацияларды кабыл алууну камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин
115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте кошумча финансы каражаттарын бөлсүн:
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине - 86 743 000,0 (сексен алты миллион жети жүз кырк үч миң) сом өлчөмдө;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине - 6 779 100,0 (алты миллион жети жүз жетимиш тогуз миң жүз) сом өлчөмдө;
Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигине - 1 767 500,0 (бир миллион жети жүз алтымыш жети миң беш жүз) сом өлчөмдө;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине - 11 345 000,0 (он бир миллион үч жүз кырк беш миң) сом өлчөмдө;
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына - 91 757 600,0 (токсон бир миллион жети жүз элүү жети миң алты жүз) сом өлчөмдө;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына - 8 499 200,0 (сегиз миллион төрт жүз токсон тогуз миң эки жүз) сом өлчөмдө;
- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун даярдоодо тийиштүү өзгөртүүлөрдү карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу жумшалуусун камсыздашсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |