Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 12-февралы № 18-б
Афганчы - жоокерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Афганстандан советтик аскерлердин чыгарылышынын 30 жылдыгына байланыштуу, 1978-жылдын апрелинен тартып 1989-жылдын 15-февралына чейин Афганстандын аймагындагы согуштук аракеттерде кыргызстандыктардын керсөткөн эрдиктерине жана кайратмандыгына баа берүү менен, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине республикалык бюджеттен 28 824 915 (жыйырма сегиз миллион сегиз жүз жыйырма төрт миң тогуз жүз он беш) сом өлчөмүндө кошумча финансылык каражатты төмөнкүлөргө кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлеө үчүн бөлсүн:
согуштук аракеттерде жаракат алган майып - аскер кызматчыларына -5000 (беш миң) сом өлчөмүндө;
согуштук аракеттердин катышуучуларына - 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө;
аскердик кызматтагы милдеттерин аткарууда курман болгон согуштук аракеттердин катышуучуларынын үй-бүлөлөрүнө - 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө;
- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын,
2. Акчалай жөлөкпул төлөө Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондук, шаардык филиалдары аркылуу жүргүзүлөөрү белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылышсын;
- ушул буйрукту аткаруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүшсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |