Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 28-январы № 6-б
Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин камсыздоо жана коргоо механизмдерин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2012-2016-жылдарда кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнө каршы конвенцияны аткаруунун жүрүшү жөнүндө расмий тилде тиркелген Кыргыз Республикасынын үчүнчү мезгилдүү доклады жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 369-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган докладды Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына жиберсин.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |