Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 1-марты № 33-б
"Темир Джумакадыров атындагы Про Лекс" коомдук фондунун ишине мамлекеттик колдоо көрсетүү жана зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы "Темир Джумакадыров атындагы Про Лекс" коомдук фондуна коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен, үч жылдык мөөнөткө акысыз пайдалануу келишиминин шартында Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 "Б" дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик имараттын 7-кабатындагы жалпы аянты 71,4 кв. м болгон № 717 кабинетти белгиленген тартипте берсин.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн
Премьер-министр | М. Д. Абылгазиев |