Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 26-февралындагы № 164 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2019-жылдын 19-февралы № 82

(КР Премьер-министринин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 419 буйругунун редакциясына ылайык)

"Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 498 "Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Ички аудит боюнча кеңеш тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 442 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 29-июнундагы № 350 буйругу.

 

Премьер-министр

 

М.Д.Абылгазиев

 

 

 

Тиркеме

Ички аудит боюнча кеңештин курамы

(КР Премьер-министринин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 419 буйруктарынын редакцияларына ылайык)

Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министри, Кеңештин төрагасы.

Кеңештин мүчөлөрү:

Садыркулова Айжан Медетовна

-

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору (макулдашуу боюнча);

Конокбаев Данияр Тынычбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы

Кылжыев Самат Аскербекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы;

Муканбетов Санжар Турдукожоевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы;

Адиева Айнура Абдужалаловна

-

Кыргыз Республикасынын эл аралык университетинин ректору (макулдашуу боюнча);

Гетман Валерия Валерьевна

-

Бухгалтерлер жана аудиторлор коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Абдразакова Кенжегуль Мамбетжановна

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички аудит жана бухгалтердик эсеп методологиялык башкармалыгынын ички аудит методологиясы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу, Кеңештин жооптуу катчысы.

 

Премьер-министр

К.А. Боронов