Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2019-жылдын 26-февралы № 105
Өлкөнүн финансылык секторунун туруктуулугун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 18-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 5-январындагы № 2 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын финансылык секторунун туруктуулугун камсыздоо боюнча кенештин курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |