Редакцияот 19.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2019-жылдын 19-февралы № 80

Күжүрмөн даярдыктагы, аскердик тартиптеги эң мыкты көрсөткүчтөрү жана Мекенди коргоочунун күнүн майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1.    Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат) менен сыйлансын:

Тюреканов Болотбек Мейманбаевич

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 701 аскер бөлүгүнүн коменданттык батальонунун командири, гвардиянын майору;

Акунов Акылбек Касиевич

 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин 52806 аскер бөлүгүнүн материалдык камсыздоо взводунун командири, улук прапорщик;

 

2.    Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыялансын:

Болушов Эмильбек Акиновичке

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 75565 аскер бөлүгүнүн командири, полковник;

Тажибаев Таалайбек Мырзабаевичке

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2027 аскер бөлүгүнүн командиринин биринчи орун басары - штаб башчысы, полковник;

Мырзаканов Уланбек Мамытбековичке

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин басмаканасынын башчысы, полковник.

 

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев