ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
РАСПОРЯЖЕНИЕ
2018-жылдын 18-декабры № 437-б
Кызматтык милдеттерин ак ниеттүү жана үлгүлүү аткаргандыгы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын 100 жылдыгын майрамдоонун урматына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Зайнидинов Кубаныч Кушбакович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары; | ||
Кадыралиев Адылбек Эсенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун Талдоо, координациялоо жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы; | ||
Урпоев Туратбек Аблабекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун Терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү кызматынын 2-башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам кызматкери. | ||
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев | ||