Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 27-декабры № 459-б
"Энергетика жөнүндө", "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Электр жана жылуулук энергиясынын орто мөөнөттүү тарифтик саясатын кабыл алганга чейин акыркы керектөөчүлөр үчүн электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди 2017-жылы колдонулган электр жана жылуулук энергиясынын тарифтеринин деңгээлинде белгилесин.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |