Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-июну № 39
"Зергер айыл өкмөтүнүн Зергер Жайыт комитетинин Фронталдык погурусчик тракторун эксплуатациялоо жөнүндө Жобосун жана кызмат көрсөтүү акыларын бекитип берүү жөнүндө"
Зергер айыл өкмөтүнүн Зергер Жайыт комитетинин Фронталдык погрузчик тракторунун эксплуатациялоо жөнүндө Жобосун жана кызмат көрсөтүү акыларын бекитип берүү жөнүндө «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери» боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп талкуулап Зергер айылдык кенешинин кезексиз 14-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Зергер айыл өкмөтүнүн Зергер Жайыт комитетинин Фронталдык погурусчик тракторун эксплуатациялоо жөнүндө Жобосу бекитилсин.
2. Зергер Жайыт комитетинин Фронталдык погурусчик тракторунун кызмат көрсөтүү акыларынын өлчөмү айыл өкмөтүнүн жана Жайыт комитетинин жумуштарына 1(бир) мото саатына 1161 сом 18 тыйын(мунун ичинде 653 сом 73 тыйын кызмат акысы,508 сом 7 тыйын күйүүчү майына), жеке жарандарга,башка юридикалык жактарга 1500 сом 7 тыйын (мунун ичинен 992 сом кызмат акысы,508 сом 7 тыйын күйүүчү майына) бекитилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл -суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Төрага | С.Кулушов |
«Бекитемин»
Зергер айылдык кеңешинин төрагасы
_________________________С.Кулушов токтом №39 «05»06.2018-жыл.
Фронтальдык погрусчиктин кыймылдаткычынын кубаттулугу 125 кВт ковшанын көлөмү 1,8 м3 трактордун эксплуатациялоо жөнүндө
ЖОБО
Ушул жобо Франтальдык погрузчиктин кыймылдаткычынын кубаттуулугу 125 кВт ковшанын көлөмү 1,8 м3 маркасындагы погрузчикти пайдалануу тууралуу Жобо болуп эсептелет, (мындан ары Жобо) Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана коомчулуктун жайытты башкаруу планына негиз жогоруда аталган техниканы максатка ылайык пайдалануу үчүн иштелип чыгылган
1.Жалпы жоболор
Айыл өкмөтү техниканы АРИС, айылдык кеңеш, айыл өкмөтү жана жайыт комитетинин ортосунда түзүлгөн алкактык келишимге негиз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен өз балансына кабыл алат. Франтальдык погрузчикти кыймылдаткычынын кубаттуулугу 125 кВт ковшанын көлөмү 1,8 м3 погрузчикти эксплуатациялоо жана пайдалануу тартиби (мындан ары атайын техника), Айыл өкмөттүн муниципалдык менчигиндеги атайын техниканы , Жайыт комитетинин оперативдүү башкаруусуна бериллүүсү өткөрүлгөн конкрустун жыйынтыгына ылайык механизатор менен түзүлгөн келишимге негиз жүргүзөт. Атайын техниканы эксплуатациялоону пайдалануу боюнча укугун өткөрүп берүү жана анын мөөнөтүн белгилөө жайыт комитетинин жана айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишим негиз болот. Атайын техника айыл аймагынын аймагында жана ага жакын турган айылдарда пайдаланат жана төмөндөгү Жайытты башкаруу планында жана жылдык планда белгиленген жумуштарды жана комерциялык кызматтарды көрсөтөт. Спец техника айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан айылдарда пайдаланат жана төмөнкү Жайыт комитетинин пландуу иштерин жана комерциялык кызмат көрсөтүүлөрдү, жумуштарды аткарат.
Жайытты башкаруу планында белгиленген иш-чаралар:
- Жайыт жолдорун оңдоо; -Өтмөк жолдорду жана көпүрөнү оңдоо; -Топурактын эрозияга учуроо коркунучу бар жерлердеги дамбалардын жээктерин бекемдөө; -Тоют камдоо максатында ички чарбалык арыктарды, дренаждарды жана каналдарды тазалоо; (Чистка оросительных систем). –Жогоруда белгиленген планда көрсөтүлгөн жана башка айыл өкмөтүнүн жана жайыт комитетинин бюджетинен каржыланган иш-чараларды аткарууга колдонулат; Комерциялык кызматтар буюртмачынын кайрылуусуна негиз аткаруучу жумуш техника аткаруучу жумушка туура келсе көрсөтүлөт. Көрсөтүлгөн кызматка акы төлөө жайыт комитети тарабынан иштелип чыгылган жана айылдык кеңеште бекитилген кызмат көрсөтүү тарифине төлөнөт. Атайын техниканы эксплутациялоодо жайыт комитети техникалык коопсуздук, экологиялык жана санитардык нормаларды сактоо менен ушул жобону жетекчиликке алат. Механизатор, мехнизаторду тандап алуу боюнча өткөрүлгөн конкрустун жыйынтыгына негиз тандалып алынат.
Атайын техниканы эксплуатациялоо боюнча келип чыккан талаш-тартыш маселелер аксакалдар сотунун отурумунда жайыт комитетинин жана текшерүү комиссия мүчөлөрүнүн, айыл өкмөтүнүн башчысынын катышуусунда чечилет.
2.Тараптардын милдеттери:
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен атайын техниканы башкаруу жана тейлөө боюнча персоналдын сандык жана сапаттык курамын аныктайт; -атайын техниканын иштөө гарфигин иштеп чыгат жана ЖПБ мүчөлөрүнө жеткирет; -атайын техниканы пайдалануу менен аткарылган жумуштардын эсебин алат; -көрсөтүлгөн коммерциялык кызматтар үчүн алынган каражаттарга финансылык документтерди берүүгө (чек, киреше ордердин квитанциясы ж.б.) жана алынган, жумшалган каражаттардын финансылык эсебин алууга; -айыл өкмөтүнүн жана жайыт комитетинин бюджетинен каржыланган жумуштар боюнча финансалык отчетторду берүүгө; -техниканы кармоону ветеринардык, экологиялык жана санитардык нормаларды, техниканы башкаруучу персоналдын техникалык коопсуздугун сактоо менен кармоо; -эксплуатациялоо боюнча кабыл алынган чечимдердин жана түзүлгөн келишимдин талаптарын аткаруу; -тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ЖӨАБО корутунду сунуштарын аткарууга алуу; -Атайын техниканы эксплуатациялоо боюнча мониторинг жана баалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн талап кылынган документтерди ЖӨАБО, донорлорго керектүү документтерди берүү;