Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-июну № 41
“Зергер айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу токой участкаларындагы куураган жана илдетке чалдыккан дарактарды санитардык тазалоо жүргүзүү жөнүндө”
Зергер айылдык кеңешинин кезектеги 14-сессиясы токойчу К.КараевдинЗергер айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу токой участкаларындагы куураган жана илдетке учураган дарактарды санитардык тазалоо жүргүзүү жөнүндө билдирүүсүн угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Зергер айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Тосой ,Кайрат токой участкаларындагы санитардык тазалоодон өтө куурган, куураган жана илдетке чалдыккан дарактарды санитардык тазалоодон өткөрүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл -суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Төрага | С.Кулушов |