Редакцияот 05.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЖУР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

2018-жылдын 5- декабры № 1

«Кара-Кужур айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобону бекитүү жѳнүндө»

Кара-Кужур айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобону бекитүү максатында Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кара-Кужур айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобону бекитилсин. (Жобо тиркелет. №1-тиркеме)

2.    Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, karakujur naryn-region. kg веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аалиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Тентимиш уулу А