Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 19-марты, № 60-б
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин материалдык-техникалык базасын чындоо максатында, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (ЛСА) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн арызынын негизинде 2009-жылы чыгарылган, кузовунун № JTMDV09JX94041305, кыймылдаткычынын № 1VD0063355, кыймылдаткычынын көлөмү 4500 см3, алтын түстөгү "Тойота Лэнд Крузер 200" маркасындагы автотранспорт каражатын белгиленген тартипте мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана аны Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын ыкчам башкарууга кабыл алсын жана наркын бааласын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |