Редакцияот 20.03.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2019-жылдын 20-марты, № 64-б

"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун "Комбинат Макмалалтын" филиалынын мындан аркы иштешин камсыз кылуу, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 413 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылга иш-чаралар планынын 24-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Стратегиялык маанидеги объект болуп эсептелген "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун "Комбинат Макмалалтын" филиалынын мүлктүк комплексин сатып алуу боюнча артыкчылыктуу укуктан баш тартылсын.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев