Редакцияот 18.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 18-декабры № 437-б

Кызматтык милдеттерин ак ниеттүү жана үлгүлүү аткаргандыгы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын 100 жылдыгын майрамдоонун урматына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлансын:

Зайнидинов Кубаныч Кушбакович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары;

Кадыралиев Адылбек Эсенбекович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун Талдоо, координациялоо жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы;

Урпоев Туратбек Аблабекович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун Терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү кызматынын 2-башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам кызматкери.

 

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев