КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 3-декабры № 423-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-мартындагы № 78-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен жактырылган Кемечилик жөнүндө макулдашуунун долбоорунда:
7-беренесинин 2-пунктунда:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Тараптар мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык берилген, экипаждын мүчөлөрүнүн ким экендигин ырастоочу документтерди эл аралык келишимдердин жана (же) өздөрүнүн мамлекеттеринин мыйзамдарынын негизинде өз ара таанышат. Мындай документтер болуп, анын ичинде төмөнкүлөр эсептелет:";
- бешинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же" деген сөздөр алып салынсын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |