КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 404-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 30-декабры № 597-б
Мамлекеттик органдардын туруктуу ишин камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-мартындагы № 79-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик сатып алуулардын натыйжасында үнөмдөлгөн бюджеттик мекемелердин каражаттарын экономикалык беренелер боюнча функциялык классификациянын тиешелүү бөлүмдөрүнө жараша "Жалпы мамлекеттик чыгымдар - кризиске каршы чаралар" казыналык эсептерине топтосун, буга төмөнкү каражаттар кошулбайт:
- атайын эсептеги каражаттар;
- азык-түлүккө көздөлгөн каражаттар;
- өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга, эпизоотиялык саламаттыкты (ветеринардык биопрепараттарды) камсыз кылууга багытталган каражаттар;
- саламаттык сактоо системасынын, улуттук коопсуздук органдарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана анын ведомстволук мекемелеринин каражаттары;
- 2214 "Транспорттук чыгымдар", 2217 "Медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдар", 2223 "Буюмдар жана башка формалык жана атайын кийим-кече сатып алуу, тигүү жана оңдоо" беренелери боюнча Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдарынын, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Чек ара мамлекеттик кызматынын каражаттары";
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул буйрук 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет, мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругун ишке ашыруунун алкагында "Жалпы мамлекеттик чыгымдар - кризиске каршы чаралар" казыналык эсептерине мурун чегерилген суммалар кайра кайтарылбайт.".
Премьер-министр |
| С.Дж.Исаков |