Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 31-декабры № 474-б
Сапат жаатында олуттуу натыйжаларга жетишкендиги, коопсуздукту камсыздагандыгы жана сапат менеджментинин жогорку натыйжалуу методдорун киргизгендиги үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңештин чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө" токтомун эске алуу менен:
1. 2017-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары төмөнкүлөргө ыйгарылсын:
1) мейманкана кызмат көрсөтүүлөрү:
"Чоң мейманкана" номинациясы боюнча:
- "Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаториясы" мекемеси, Ысык-Көл облусу;
"Орточо мейманкана" номинациясы боюнча:
- "Orion Hotels" жоопкерчилиги чектелген коому ("Орион Хотелс"), Бишкек ш.;
"Чакан мейманкана" номинациясы боюнча:
- "Ошкурулушсервис" жоопкерчилиги чектелген коому, Ош ш.;
2) туристтик кызмат көрсөтүүлөр:
- "Байбол-Трэвел" туристтик компаниясы, Талас облусу.
2. Конкурска активдүү катышкандыгы жана продукциялардын сапаты жаатында олуттуу натыйжаларга жетишкендиги үчүн 2017-жылга сапат боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн диплому менен сыйлансын:
1) мейманкана кызмат көрсөтүүлөрү:
"Чоң мейманкана" номинациясы боюнча:
- "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун "Кыргыз деңизи" санаторийи" филиалы, Ысык-Көл облусу;
"Орточо мейманкана" номинациясы боюнча:
- "Ляззат" жоопкерчилиги чектелген коому, "Ак-Марал" эс алуу борбору, Ысык-Көл облусу;
- "ОШ-НУРУ" жоопкерчилиги чектелген коому, Ош ш.;
"Чакан мейманкана" номинациясы боюнча:
- "Park Palas" жоопкерчилиги чектелген коому ("Парк Палас"), ("Отель Амбассадор"), Бишкек ш.;
- "Домик для гостей Небесные горы Нарына" жоопкерчилиги чектелген коому, Нарын ш.;
- "Sun Rise Osh" отели, ("Сан Райс Ош"), Ош ш.;
2) туристтик кызмат көрсөтүүлөр:
- "BMS" жоопкерчилиги чектелген коому ("Би Эм Эс") ("Амадеус"), Бишкек ш.;
- "Трэвел Шоп" жоопкерчилиги чектелген коому, Бишкек ш.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |