Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 31-декабры № 473-б
2014-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 174 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну андан ары натыйжалуу ишке ашыруу максатында, аталган Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставынын 7-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы менен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо үчүн компетенттүү орган болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясынын Өкмөтүнө компетенттүү органдын аныкталганы жөнүндө кабарласын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |