Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 13-ноябры № 402-б
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30-августундагы 2018-жылдын № 299-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "сентябрына" деген сөз "ноябрына" деген сөз менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын мунайгаз жана мунай иштетүү тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Осмонбетов Эмиль Кубатович, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси болуп киргизилсин;
- ведомстволор аралык жумушчу топтун курамынан Рыскулов У.Д. чыгарылсын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |