Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 1-марты № 39-б
Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 299-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы "2018-жылдын 20-ноябрына" деген сөздөр "2019-жылдын 15-мартына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын мунайгаз жана мунай иштетүү тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Сагынбаев Жиргалбек Калмуратович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Ниязалиев Нуран Садырович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары; |
- ведомстволор аралык жумушчу топтун курамынан Орозбеков А.А., Кемелова Д.А. чыгарылсын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |